Сөз жетпеген жерге күү жетет

Автор

Акылмандык нускоолор “Насыйкатта” чертилсе, боз ингендей боздогон муң кайгыны “Ботойлор” коштогон; өмүр, турмуш өктөсү “Камбарканда” баяндалса, кейишке чайыган сезимин “Кербездерде” туюндурган; жокчулук менен кордукту “Арман күүдө” , шум ажалдын өктөөсүн “Кошок күүдө” чагылдырган, жаштык жалын махабатын “Күйгөн күүдө” ырдашкан.

 

(Асан Кайбылда уулу)

 

Атасынын жетимишке жакындаганда көргөн кенже уулу, бир кезде энесинин эркеси болгон комузчу, күүчү Кенжебек Алдаяр Нарын облусунун  Ат-Башы районунун Калинин айылында жарык дүйнөгө келген.

Комуздун күүлөрү тойлордо чертилип, көңүлдү ачып же кайгырганда гана муңканып чертилет деп ойлочумун.Бирок комуздун күүлөрүндө тарых, байыркыны эстеткен, байыркыдан уланган көмүскө туюм ( подсознание) бар экенин, ушул Кенжебек Алдаяр аганын күүлөрү менен таанышкандан кийин туюп калдым.

Анан да 60-70 ке жакын тарыхый күүлөрдүн автору өзүнө өзү ыраазы болбой, былтыркы черткендерин быйыл жаратпай, жактырбай жүргөн учурларын байкап, чыгармачыл адамдардын баары эле ушундай болот окшойт деп ойлоп калдым. Ооба да, изденүү бүтүп, адам өзүнө ыраазы болгон учурда чыгармачылык деле токтойт окшойт, балким… ким билет…

 

Төмөндө Кенжебек Алдаяр аганын бир нече суроолорума берген жообу..

 

*  *  *

4 жашымда аккордеондо ойногом. Столдо турган жеринен черткем, көтөрө албайт элем да. Үйдөгүлөр таң калышкан. Ата-энем 10 жашка чыкканда Бишкектеги Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатка алып  келип, комиссиядан өтүп окуп калдым. Ошол бойдон айылыма кышкы каникулда, жайкы каникулда гана каттап жүрдүм. Ошондон улам кээ бирөө ата-энелик мээрим жөнүндө сурап калышат. Ата-энем мээримдүү адамдар болгон үчүн мээримге сугарылып чоңойдум. Ошол мээрим өмүрдө чоң жөлөк болуп келе жатат.

 

* * *

Музыкалык мектептен баян, фортепиано, аккордеондо ойногонду үйрөндүм. Булардын бардыгы кандайдыр бир деңгээлде жүрөгүмө бейпилдик, максатыма канат болуп бере алышкан жок… Анткени жүрөгүмө тынчтык бербеген бир Дүйнө бар эле… Ал Дүйнө комуз экен ( аны мезгил өткөн соң так түшүндүм). Ошондон баштап баш-отум менен комузду үйрөнүүгө киришип, бат эле өздөштүрүп кеттим.

 

Кийин жан дүйнөм  сүйлөй турган сөздөрдү күү жаратып, күү аркылуу элге тартуулай баштадым. Манастан көп күүлөр жаралды. Баардыгы Кудайдан.

 

*   *   *

 

Алгачкы күүм “Күлтегин”. Балким өзүмдүн Дүйнөм да байыркы дүйнөдөн куралып, ошондон бүгүнкүм уланса керек.

 

*  *  *

 

Жашоону башынан  бир калыпта, бир мүнөз менен карайм. Кылым тогошту. Көп нерсеге көз караш өзгөрдү. Бирок  Комуз, Манас – түбөлүктүүлүк экени аныкталып келе жатат. Көп нерсе эскириши мүмкүн… Бирок комуз, Манас  жаңырып, жаңыланып жаңыра берет.

 

*   *   *

 

“Кыргыз эне” деген күүм, энем каза болгондон кийин жаралган. Кудай күүнү, деги эле чыгарманы жүрөккө сала берет. Кээде жеке тагдыр аркылуу Кудайдан келип, андан соң чыгарма болуп жаралат. Бул күүгө болгон-каткан дүйнөмдү төккөм. Жалпы кыргызга тиешелүү  “Кыргыз эне” күүсү өз энемди жоготкондогу бук, арман, жүрөктүн зары менен жазылган.

 

*   *  *

 

Бүгүнкү, кечээги, келечектеги жашоонун күрөө тамырын кармаган комуз – кылымга кат болуп, улам кийинки муунга жетип отурат. Сөз жетпеген жерге күү жетет.

 

*   *   *

 

Кара күүлөр жан дүйнөнүн кылын дирилдетип турат. Кара күүлөр Кудай менен бир болгонду, өмүрдө калыс жашаганды, дүйнөнү калыс көз менен караганды туюндурат, түшүнгөн адамга. Анткени кара күүнүн өзү  сүкүт чалуу. Сүкүт чалуу – жалпы кыргыздын жана дили кыргызга окшош көп элдин дүйнөсү.

 

Даярдаган Нур Зат Мокенова

Бөлүшүү:
Next Post

Украина НАТОнун Киберкоргонуу борборуна кошулду

Украина НАТОнун Киберкоргонуу Кызматташтык борборуна кошулду. Таллиндеги уюмдун штаб-квартирасынын алдында Украинанын желеги көтөрүлдү. Тышкы иштер министрлиги борбордун демөөрчүсү болгон өлкөлөргө Украинаны аларга кошулууну сунуштаганы үчүн ыраазычылык билдирди. Киев бул борборго кирүү үчүн 2021-жылдын жайында арыз берген. Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Данилов 2022-жылдын февраль айынын башында Европа […]

Сизге жагышы мүмкүн