Сот Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды актады

Автор

Бүгүн, 14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан 20дан ашык саясатчы, активист жана блогерлерди актады. Сот жабык өтүп, ага маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок.
Айыпталуучуларга сот өкүмү угузулуп, кармалып тургандар сот залынан дароо бошотулду.
Буга чейин прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарды ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.
Эске салсак, Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Евро-2024: Биринчи оюнда Германия Шотландияны 5:1 эсебинде утуп алды

Футбол боюнча Европа чемпионатынын ачылышында Германия курама командасы Шотландия курама командасын (5:1) утуп алды. Биринчи беттеш Мюнхендеги “Альянц Арена” стадионунда өттү. Турнирдеги алгачкы голду оюндун 10-мүнөтүндө айып аянтчанын сызыгынан шотландиялыктардын дарбазасына сокку узаткан Флориан Виртц киргизди. 19-мүнөттө немистер тез чабуулга жетишип, аны Жамал Мусиаланын күчтүү соккусу менен аяктады. Экинчи таймда […]

Сизге жагышы мүмкүн