Сот департаментинин жаңы директору дайындалды

Автор

Урмат Кожомбердиев Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 11-ноябрда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кол койгон. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Замирбек Базарбеков бүгүн Сот департаментинин жамаатына жаңы директорду тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалап, анын алдында актуалдуу маселелерди чечүү зарылдыгы турганын белгилеп, жакшы саамалыктарды улантууну сунуштады.

Бөлүшүү:
Next Post

Ош шаарынын депутаттары мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

Ош шаардык кеңешинин депутаттары мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бул тууралуу  чечим бүгүн, 14-ноябрдагы сессиясында кабыл алынды. Маалыматка ылайык, сессияда депутаттар жашыруун добуш берип, 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдосо, 3 депутат каршы болгон. Депутаттар шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатканын жүйө келтиришкен. Эске салсак, 57 жаштагы Бакытбек Жетигенов шаарга башчы болуп […]

Сизге жагышы мүмкүн