Сонунбүбү Кадырова: “Ыр – өмүр, кайрат-күчүм жана коргоочум”

Автор

Ырчы, акын жана таланттарды таптап, булактын көзүн ачкандай жол көргөзгөн белгилүү журналист Сонунбүбү Кадырованын “Сонундары” туурулуу маектештик. Алар “Сонун күндөр”, “Сонун дүйнө”, “Сонун өмүр” жана 19 – майда боло турган “Сонун концерт” жөнүндө болду.

Сонун күндөр кантип башталды?

Сонүнбүбү балалыктан башталган сонун күндөрүн Алайдын жомоктой кооз, кайталангыс керемет жерден башталгандыгын баяндап берди

Алай районунун Бүлөлү айылында төрөлгөм.“Бүлөлү” орто мектебин аяктаган соң, 1991-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайынын мектептер бөлүмүн бүтүргөм. Ал эми алгачкы  эмгек жолумду башталгыч класстардын мугалими болуп, Алай районундагы Крупская орто мектебинен баштагам.

Кийин Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүнө тапшырып, окууну аяктагандан кийин журналисттик сапарымды  Кыргыз телесинде  баштадым. 2004-жылы  “Алтын тизме” аттуу долбоорун ачкам, ал эми 2005-жылы  элибиздин чыгармачыл инсандарынын жүзүн ачкан “Замандаш” аттуу бир сааттык теле көрсөтүү аркылуу, чыгармачыл инсандардын бейнесин ачып, эл алдына чыгышына шарт түзүп бердим десем болот.

“Сонун дүйнө” кантип башталды?

Колунан калемин түшүрбөй журналисттик кесипти аркалап келаткан Сонунбүбү жаратылышка жакын, кыялкеч жан дүйнөсү поэзиянын сыйкыр ааламына арбап, мекен – жер, сагыныч-санаа тууралуу ырларды жаза баштайт. Туулган жердин кооздугу, касиети анын акындык шык-жөндөмүн алып чыкты көрүнөт.

 Ата Конуш – Алайым!

Көз мончок болуп тагылсам дейм сага,

Көзүмдүн карегиндейсиң асыл жерим.

Алаканымдын оту менен жылытып гана,

Сактагым келет арка белиң болуп сенин.

Кичинекей наристедей тазасың, төгөйүн мээрим

Кучактап алып бешенеңден сыласам дедим.

***

Кетирбей кармап турган касиетиңден сенин,

Көкүрөгүмдү жылытып турган кереметиң бар.

Илинчегимсиң ар убак кармап турган менин,

Атамдан калган таберик көргөн ыйык тумар.

Сандыкка салып бекитип алгым келет кээ күн,

Кызганам сени,

жүрөгүм сен гана деп согуп турар…Асыл жерим!

 

Журналистик кесип тегирмен сыяктуу күркүрөгөн, күүлөнүп буркан-шаркан тынчыбаган кесип экен. Анын жанында жан дүйнөмдө бүчүрдөй өнгөн, акындык шыгым бар окшойт. Аны дагы чыгармачылыктын бир канатындай алып жүрдүм…Ошентип биринчи бармак басты ырларымды бириктирип “Сонун дүйнө” ыр жыйнагым чыкты.

2012-жылдан тартып  КР Улуттук жазуучулар Союзунун  мүчөсү болуп кирдим. Тунгуч “Сонун дүйнө” китебимдин аркасынан “Сүйүнчү”, “Бар болуңуз”  аттуу  китептерим келди. Учурта КТРКнын “Маданият, тарых, тил” каналынын  редакторумун.

2019-жылдан баштап  “АБАЗ” аттуу жаш таланттуу ырчылардын конкурсун  алып чыгып келе жатам.

2008-жылы КТРКнын 50 жылдыгына карата “Ардак грамота” менен сыйланып, “Маданиятынын мыкты кызматкери” төш белгисин, КР Маданият министринин жана КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына ээ болгом.

Үй – бүлөлүүмүн. Бир кыз, бир уулдун энесимин.

Сонун сөз эмне тууралуу?

Сонунбүбү  жаратмандык, чыгармачылык деңиздей терең, мейкиндиктей бийик  нерсе экендигин жана жошоонун өзү экендигин белгиледи.

 Чыгармачылык жол жөнүндө ойлонуп көрбөптүрмүн. Негизи  адам бул жарык дүйнөгө  чыгармачылыгы менен кошо төрөлсө керек. Чыгармачылык өзүнчө, адам өзүнчө каралбайт. Ал туруш турпаты менен адамдын каны менен кошо айланган  касиет. Чыгармачылык – адамдын жашоосу, тагдыр жолу. Мен төрөлгөнгө чейин эле жаратканым мага чыгармачылык атмосфера даярдап, атайын  кам көргөн окшойт. Дегеним, төрөлгөн жерим жомоктогудай керемет, адамдын колу жетпеген жапайы сулуулуктун кучагындагы айыл эле. Ошондой керемет кооз  жаратылыштын кучагында чыгармачыл болбой калуунун өзү кечиримсиз го дейм. Азыр  ушул тапта мен ошол бала кезде алган чыгармачылык дымагымды  толук пайдалана албай, чыгара албай  ушунча жыл бош эле жашап келе  жатканым үчүн  ошол жомок дүйнөнүн  алдында кичирейип  кетем. Чыгармачылык жол жөнүндө азырынча айтаарым  аз. Балким бир убагы келгенде толкуп-ташып, төгүлүп – чачылып берермин.

Сонун адамдарга жолуктум, алар ким?

Чыгармачыл чөйрөдө, деги эле турмушта  жол  көрсөтүп, үлгү болгон инсандар жолугат. Сонунбүбү  керемет дүйнөнүн эшигин ачып, жол көргөзгөн адамдары тууралуу айтып берди.

 

  • Мага жол көрсөткөн, чыгармачылыктын керемет дүйнөсүнө аралаштырган адамдарым  атам менен апам жана туулган айылым. Бул жарыкчылыкта ушул эки адамдан өткөн  устат, ушул киндик каның тамган жерден өткөн  кайталангыс кооз жер жок. Мени жаратылышка, адамдарга мамиле жасоону үйрөткөн, кыска – нуска, терең  маанилүү сүйлөөгө  калыптандырышкан менин үлгү алчу  адамдарым.

Сонун сабак кайдан башталды?

Ар бир чөйрөдө шакирт тарбиялап топтосо, эмгегиң эскерилип турат дейт эмеспи…Сонунбүбү, көптөгөн шакирттери тууралуу буларга токтолду.

  • Ооба, мага жолуккан, мени менен бир саам отуруп баарлашып калган адамдарга бир аз болсо да жаңы, эч жерде жолуктурбаган сабакты бере алсам, ошол көз ирмемди эстеп калган болсо, демек  менин шакиртим. Шакирт  тапташ  үчүн айлап-жылдап сабак берип, чогуу жүрүштүн деле зарылчылыгы жок. Адам өмүр боюу үйрөнүп жүрүп отурат. Мен бирөөдөн үйрөнөм, бирөө менден үйрөнөт. Устат – шакирт боюнча менин оюм ушундай. Мен көп адамга жолуктум, көбүнүн  чыгармачылыгындагы жолунун  ачылышына  жардам бердим. Ошолордун баарын  айтыштын деле кереги жок. Анткени, жашоо өзү ошондой. Бир адамдын жарыгы,  экинчи адамга тийиши керек. Антпесе, жашоо токтойт. Ким мени устат катары эстесе  демек, ошол менин шакиртим.

Сонун концерт качан жана  кандай болот?

Сонунбүбү учурда жаңы концертке даярданып, чуркап жүргөн убагы…Ошого карабай алдыдагы жоопкерчиликтүү чоң концертке даярдыктар тууралуу сурадык.

Адам өзүн бүлөп, курчутуп, камчылап жүрүп отурат экен. Эгер ыкшоолонуп, бирдемеге шылтоо кылсаң анда агымдан сүрүлүп калат экенсиң. Ушунча жылдык өмүрүмдө ушуну байкадым. Адам өзү интуитивдүү түрдө күрөшүп жүрүп отурат экен.

Ошол күрөштүн бири – сахна. Айрыкча маданият министрликтин жандуу ырларга жол ачканы көптөгөн ырчылардын бүйүрүн кызыткан, туягын тулпарга айландырганга жол ачты. Бала күнүмдөн түтөк жерлерде ырдап такшалган мендей тоолук ырчы үчүн бул табылгыс колдоо болду.

Эң жаман жери ушунча жылдан бери жаздырып коюп ырдап жүрүп тушалган аттай болуп калган экенбиз туягыбызга суу түшүп кетиптир. Ырлардын сөзү унутулуп, өпкө уктаганы калган экен ошону ийге келтирип, жолго салыш да бир топ машакаты жаратып жатат.

Ошолорду жеңип, элге жакшы маанай тартуулоо максатын көздөп турам.

19-майда Улуттук филармонияда болмокчу. Баардык ыр ышкыбоздорун жай отуруп, жандуу үндөн жан азык алып кетүүгө чакырам.

Бөлүшүү:
Next Post

Жамиля Жаманбаева Кыргызстандын акыйкатчысы болуп шайланды

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Акыйкатчы кызмат ордуна талапкерлерди карап, көпчүлүк добуш менен Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин жактырышты. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Бакыт Рысбековдун талапкерлигин 20 депутат колдосо, ал эми Жамиля Жаманбаеваны 48 депутат колдоду. Белгилей кетсек, “Мекенчил” депутаттык тобу жана «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы Акыйкатчылыкка Жаманбаева Жамиля Акматбековнанын талапкерлиги сунуштаган. Жамилия […]

Сизге жагышы мүмкүн