Соданын пайдалуу касиеттери

Автор

Ар бир үйдө тамак-аш содасы бар. Бул көптөгөн маселелерди натыйжалуу жана арзан чечүүчү баалуу продукт. Аны үй-тиричилигинде, ошондой эле ден соолукка байланыштуу да колдонууга болот.
Тамак-аш содасын кантип колдонууга болот?
Сүткө эритилген бир чай кашык сода жана бал жөтөлдү жеңилдетип, какырыкты жумшартат. Жумшартуучу гана эмес, сода антисептиктик таасирге да ээ. Ошондуктан тамак ооруганда сода кошулган суу менен тамакты чайкоо пайдалуу.
Эгерде сүттү иче албагандар болсо, сода аралашмасы менен ингаляция жасаган жакшы. Бир чоң кашык сода кошулган кайнак сууга эфир, кайың, эвкалипт же розмарин майын кошуп койгон жакшы.
Зарынаны кетирүүдө кашыктын төрттөн бир бөлүгү менен соданы жарым стакан сууга кошуп ичүү зарыл. Ал ашказандагы кычкылды жөнгө салып, зарынаны дароо басат. Анткен менен аны көп колдонуу тескери таасир берет. Ошондуктан башка дары-дармек жок болуп калганда гана соданы колдонууга болот.
Сода организмден суюктукту чыгарууну шарттайт. Ошондуктан аны башка кан басымын төмөндөтүүчү дарылар жок болуп калса, гипертонияда колдонууга болот.
Кислотага күйүп калган шартта сода аралашмасы менен кислотанын таасирин дароо токтотууга болот. Содалуу суу менен жасалган ванна күн нурунун күйүгүндө жакшы жардам берет.
Жагымсыз тер жытын кетирүүдө сода эң жакшы каражаттардын бири. Ал кычкыл чөйрөнү жөнгө салат. Белгилүү болгондой, бактерия жана грибоктор дал ушундай чөйрөдө көбөйүп, терге жагымсыз жыт берет. Ошондуктан жуунган соң, колтукка, такымга, таманга тамак-аш содасын сүйкөп коюу керек. Бут кийимди да сода менен сүртүп же соданы жөн гана себелеп койсо болот.
Панариция деп аталган тырмактын алдынын ириңдеп кетүү оорусун айыктырууда сода кошулган ысык суу жакшы жардам берет.
Буттун грибоктон жабыркашында дагы соданы алдын алуучу каражат катары колдонууга болот. Өтүшүп кеткен грибокту дарылоого атайын дарылар керек. Бирок, бассейн, мончо жана көл жээгинен кийин оорунун алдын алуу үчүн сода кошулган жылуу сууда ванна жасоо бутка пайдалуу.
Сода аралашмасы чиркей чакканда жардам берет. Айрым адамдардын териси назик келет. Ошондуктан дача жана жаратылышта жүргөндө жаныңызга сода алып алсаңыз да болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөдөгү жашоого эң ыңгайлуу, мыкты  шаарлар аталды

Economist Intelligence Unit (EIU) дүйнөдөгү жашоого эң ыңгайлуу шаарлардын жылдык рейтингин жарыялады. Изилдөө жана талдоо  тобу  дүйнө жүзү боюнча 173 шаарды бир катар факторлордун анын ичинде саламаттыкты сактоо, кылмыштуулуктун деңгээли, саясий туруктуулук, инфраструктура жана жашыл мейкиндикке жетүүнүн негизинде рейтингге чыгарган. Дүйнөдөгү жашоо үчүн  мыкты шаарлар: Вена, Австрия Копенгаген, Дания Мельбурн, […]

Сизге жагышы мүмкүн