Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Сан-Франциского келди. Иш-чаранын алкагында Жо Байден менен жолугушат.
Сан-Франциско эл аралык аэропортунда Кытай лидерин каржы министри Жанет Йеллен, губернатор Гэвин Ньюсом жана жубайы Женнифер Сибел Ньюсом тосуп алды.
Ак сарайдын басма сөз кызматы жолугушууда лидерлер эки тараптуу маселелерди, ачык байланыш линияларын сактоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле бир катар аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулашарын билдирди. Байден менен Си Цзиньпиндин жолугушуусу бир нече саатка созулушу мүмкүн жана ага Пекин менен Вашингтондун расмий өкүлдөрү да катышат.
Сот департаментинин мурдагы директору кайсы кызматка барат?
Шар Ноя 15 , 2023
Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин директору Медербек Сатыев кечээ,14-ноябрда кызматтан алынды. Өздүк булактарыбызга билдиришкендей, ага Башкы прокуратурадан кызмат сунушталышы мүмкүн. Медербек Сатыев өлкө жетекчилерине жакындыгы менен билинет. 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьялары Медербек Сатыев менен Курманкул Зулушев ошол кездеги “Ата-Журт” партиясынын депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду “бийликти […]