Сары-Таш айыл аймагынын маселеси алгачкы ирет көтөрүлдү

Автор

№7 Ош шайлоо округунан шайланган депутат Бекмурза Эргешов Сары-Таш менен Нура айылындарынын ортосундагы аралыкта уюлдук байланыштын жоктугун айтып, ал жерде Кыргызстандын эң бийик ашууларынын бири Тоң-Мурун жайгашканын, кышта Кытай аркылуу Кыргызстанга жүк ташыган айдоочуларга ыңгайсыздык жаралганын маалымдады. “Мегаком, Билайн жана О’ уюлдук компаниялары ошол жерге базаларын курушса, калктуу конуштардан деле абоненттери пайда болмок. Кандай болгон күндө да, кеткен чыгымдары акталат эле”,- деди. Ал министрлер кабинетине кайрылып, элдин талабын аткаруу үчүн тийиштүү мекемелерге тапшырма берүүнү өтүндү.
Бекмурза Эргешов мурдагы депутат Айбек Осмоновдон бошогон креслого көчүк басты. Ал мындан мурда Ош шаардык Кеңешинде депутат болгон. 2020-2024-жылдары Ош жылуулук тармагын жетектеген. Депутат Шайырбек Ташиевдин коюн колтук алышкан досу экендиги айтылып келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Москва Киев менен сүйлөшүү үчүн шарттарды койду

Россия Украина менен сүйлөшүүгө даяр, бирок, бир катар шарттар менен. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Ал белгилегендей, орус-украин аскерий жаңжалын чечүүдө “жердеги реалдуулукту” жана “коопсуздуктун бөлүнбөстүгүн” эске алуу зарыл. Ошол эле учурда Киев менен Москванын катышуусунда тынчтык конференциясын Кытай уюштура алат. Россия менен Украинанын тең катышуусун […]

Сизге жагышы мүмкүн