reklam
reklam
hava 19° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 20,0115 % % 0.19
EURO 21,3833 % % -0.24
GRAM ALTIN 1.249,93 % % 0,48
ÇEYREK A. 2.043,63 % % 0,48
BITCOIN 27.198,99 % 1.907
Соңку кабар
reklam
Google News

Салбуурун боюнча республикалык оюндар өтөт

Son Güncelleme :

14 апреля 2023 - 15:07

reklam
Салбуурун боюнча республикалык оюндар өтөт
reklam

Ысык-Көл облусунда салбуурун боюнча республикалык  оюндары өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Оюн 22-24-апрель күндөрү Тоң районунда өтүп, ага бардык аймактардан келген спортчулар катышат.

Мелдештин жүрүшүндө бүркүт салуу, ителги менен ылаачынды далбага ойнотуу, жөө жаа атуу, ат үстүндө жаа атуу, тайган жарыш боюнча оюндар болот.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат. Мелдештин жалпы байге фонду 370 миң сомду түзөт.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Салбуурун федерациясы тарабынан уюштурулууда.

reklam