reklam
reklam
hava 22° Orta/Rüzgârlı
DOLAR 23,3743 % % 0.5
EURO 25,4507 % % 1.95
GRAM ALTIN 1.480,17 % % 2,01
ÇEYREK A. 2.420,08 % % 2,01
BITCOIN 626.238 % 0.62
Соңку кабар
reklam
Google News

Роналду менен Жоржина ажырашканы жатат

Son Güncelleme :

28 апреля 2023 - 9:14

reklam
Роналду менен Жоржина ажырашканы жатат
reklam

«Аль-Наср»  клубунун португалиялык чабуулчусу  Криштиану Роналду менен анын сүйүктүүсү Жоржина Родригес ажырашып кетиши мүмкүн. Футбол жылдызы  сүйлөшкөн кызынын жүрүм турумуна нааразы экендиги айтылууда.

Чет элдик спорт басылмалары  Роналду өзүнүн сүйүктүүсүнүн  жашоо образына нааразы экендигин жана  Жоржина Родригес соода борборлорунда өтө көп убакыт өткөрүп жаткандыгын жазышууда.

Атактуу футболчу «Жорджина ар дайым болгон  күнүн соода борборлорунда өткөрөт. Анын эч нерсе кылбай эртели –кеч соода кылганы тажатып жатат», — деп айтканын жар салышты.

Эске салсак, 2016-жылдан бери футболчу модель Жоржина Родригес менен мамиледе болгон.  Бирок жубайлар азырынча расмий никеге тура элек. 2017-жылы  Алана, 2022-жылы Белла аттуу кыздуу болушкан.

reklam