reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1563 % % 0.11
EURO 28,8476 % % -0.2
GRAM ALTIN 1.682,49 % % 0,47
ÇEYREK A. 2.750,88 % % 0,47
BITCOIN 724.625 % -0.967
Соңку кабар
reklam
Google News

«Реал Мадрид» клубу  Модрич менен келишимин узартты

Son Güncelleme :

27 июня 2023 - 10:37

reklam
«Реал Мадрид» клубу  Модрич менен келишимин узартты
reklam

Мадриддик «Реал »  клубу хорватиялык жарым коргоочу Лука Модрич менен келишимди узартты. Бул тууралуу мадриддик клубдун басма сөз кызматы билдирди.

Булактын айтымында, жаңы келишим 2024-жылдын июнь айынын аягына чейин эсептелинет.

Модрич «Реалдын» курамында 11 жылдан бери ойноп келет. 2022/2023 сезонунда хорватиялык жарым коргоочу «Реалдын» курамында бардык мелдештерде 52 матчка чыгып, алты гол жана 6 пас киргизген. Футболчунун мадриддик клуб менен мурунку келишими ушул жылдын июнь айынын аягына чейин күчүндө болчу. Transfermarkt интернет-порталынын маалыматы боюнча футболчунун болжолдуу баасы 10 миллион еврону түзөт.

 Белгилей кетсек, Реал Мадриддин формасын кийген хорватиялык футболчу 23 кубок утуп алган. Модрич 2018-жылы ФИФА боюнча дүйнөнүн мыкты оюнчусу деп табылган.

reklam