reklam
reklam
hava 26° Parçalı Bulutlu/Rüzgârlı
DOLAR 27,3323 % % 0.1
EURO 28,9039 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.677,98 % % 0,10
ÇEYREK A. 2.743,49 % % 0,10
BITCOIN 719.857 % 0.474
Соңку кабар
reklam
Google News

Путин өзөктүк сыноолор боюнча: АКШ өткөрсө, анда биз да өткөрөбүз

Son Güncelleme :

22 февраля 2023 - 14:59

reklam
Путин өзөктүк сыноолор боюнча: АКШ өткөрсө, анда биз да өткөрөбүз
reklam
Путин өзөктүк сыноолор боюнча: Америка Кошмо Штаттары өткөрсө, анда биз да өткөрөбүз
Владимир Путин 21-февралда Федералдык жыйында кайрылуусунда Москва Стратегиялык чабуул койчу куралдарды кыскартуу жөнүндө эл аралык келишимди убактылуу токтоторун жарыялады. Ал эгер АКШ биринчилерден болуп өзөктүк сыноо өткөрсө, Россия өзөктүк сыноолорду өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле ал АКШда өзөктүк куралдын жаңы түрлөрү иштелип жатканын кошумчалады.
«Эгер АКШ сыноо өткөрсө, биз дагы аны жасайбыз. Бул кырдаалда Россиянын Коргоо министрлиги менен Росатом өзөктүк куралды сыноого даярдыгын камсыз кылышы керек»,-деген Путин Россия биринчи болуп сокку урбай турганын баса белгиледи.
Булар менен бирге Украинага Батыш алыскы аралыкка атылуучу куралдары канчалык көп берсе, коркунучту өз чек араларынан алыстатууга ошончолук мажбур болорун кошумчалады.
Учурда дүйнөдө өзөктүк куралга ээ 9 мамлекет бар. Алар Россия, АКШ, Кытай, Франция, Улуу Британия, Пакистан, Индия, Израиль жана Түндүк Корея экени айтылып келет.
reklam