Россиянын президенти Владимир Путин чет өлкөдөгү орус мүлкүнө болгон укуктун камакка алынышына же чектелишине жооп иретинде “достук эмес” өлкөлөрдөн келген адамдардын активдерин убактылуу башкарууну киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Жарлык бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Америка Кошмо Штаттарынын Россия Федерациясынын, анын ишканаларынын жана жарандарынын менчик укуктарынан ажыратуу же чектөөгө багытталган аракеттерине жооп иретинде «тез арада чараларды көрүү зарылдыгына» байланыштуу.
Буга чейин G7 өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери “Чоң жетиликке” кирген мамлекеттер Украинадагы жаңжал аяктаганга чейин Россиянын активдерине бөгөт коё турганын билдиришкен.
1-майдан баштап электр энергияга болгон баа көтөрүлөт
Шар Апр 26 , 2023
“Кыргызстандын беш президентти тең электр энергиянын тарифин көтөрөм деп айтып келген. Курманбек Бакиев 65 тыйындан 70 тыйынга көтөрөм дегени үчүн дүйнө аңтар-теңтер болуп кетти. Силер болсо, жөн эле көтөрүп жатасыңар”,- деди депутат Адахан Мадумаров комитет жыйынында. Энергетика министри Таалайбек Ибраев 1-майдан баштап электр энергияга болгон баа көтөрүлөөрүн айтты. Министрдин айтымында […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/04/f1406111-6d22-4b3d-beea-0dfc327860dc.jpg)