Путин Херсон жана Луганск аймактарына барды

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин Херсон багытындагы “Днепр” аскерлер тобунун штабына барды. Ал Аба-десант күчтөрүнүн командачысы, генерал-полковник Михаил Теплинскийдин, топтун командири, генерал-полковник Олег Макаревичтин жана башка аскер жетекчилеринин баяндамаларын укту.
Жолугушууда Путин аскерлерден Херсон жана Запорожье багыттары боюнча кырдаал боюнча өз пикирин билдирүүнү суранды. «Мен сизди түздөн-түз буйрук жана башкарууга байланыштуу милдеттериңизден алаксыткым келбейт, ошондуктан биз бул жерде иштиктүү, кыска, бирок конкреттүү түрдө иштеп жатабыз. Кырдаал кандай өнүгүп жатканы тууралуу сиздин пикириңизди угуу, маалымат алмашуу мен үчүн маанилүү»,-деди президент.
Мамлекет башчы ошондой эле аскер кызматкерлерин Пасха майрамы менен куттуктап, Россия империясынын эң ийгиликтүү коргоо министрлеринин бирине таандык болгон иконанын көчүрмөсүн тапшырды.
Бул Путиндин Херсон облусуна жасаган биринчи сапары. 19-мартта ал Донецк элдик республикасынын Мариуполь шаарына барган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык жаачылар  Азия кубогуна катышат

Кыргызстандын жаа атуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ташкентте (Өзбекстан) өтчү Азия кубогуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш 30-апрелден 5-майга чейин уланат.   Курама команданын тизмеси:   Улукбек Курсанаилев (СЧ); Күлчоро Нурманбетов (СЧТ); Мухаммел-Ислам Алмамбет уулу (СЧТ); Айтурган Маматкулова (СЧ); Жибек Канатбек кызы […]

Сизге жагышы мүмкүн