Путин Пригожин менен жолугушту

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин козголоң аракетинен беш күн өткөндөн кийин Кремлде “ПМК Вагнер”  жетекчилиги менен жолугушкан. Бул тууралуу Орусия мамлекет башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

“Чынында эле президенттин ушундай жолугушуусу болгон. Ага 35 адамды чакырган. Баардык отряддардын командирлери, ротанын жетекчилиги келген. Анын ичинде Пригожин өзү да бар. Бул жолугушуу 29-июнда Кремлде болду. Ал дээрлик үч саатка созулду. “, – деди.

Песковдун айтымында, Путин иш-чарада “ротанын атайын аскердин операция учурундагы фронттогу аракеттерине баа берди, ошондой эле 24-июндагы окуяларга дагы  өз баасын берди, командирлердин түшүндүрмөлөрүн угуп, аларга жумушка орношуу боюнча кийинки варианттарды сунуштады. ”

“Жыйынга Коргоо министрлигинин өкүлдөрү катыштыбы? – деген суроого Песков “бул жолугушуу тууралуу айта турган башка  эч нерсем жок”, – деп жооп берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Чүй ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды

Чүй облустук бириккен ооруканасына профессор Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Эрнст Хашимович Акрамовдун хирургиянын өнүгүшүнө таасирин тийгизген хирургиялык практиканы жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жетишкендиктери белгиленди. “Анын тажрыйбасы жана жөндөмү медициналык практикада кесипкөйлүктүн жана жогорку сапаттын үлгүсү боло алат”, – […]

Сизге жагышы мүмкүн