Путин: Мыкаачылыкка тапшырык берген ким экени кызык

Автор

Президент Владимир Путин Крокус Сити Холлго кол салууга ким буйрук бергенине кызыкдар экенин окуядан кийин көрүлгөн чаралар боюнча жыйында айтты.
«2014-жылдан бери Киев режиминин колу аркылуу биздин өлкө менен согушуп жаткандар үчүн пайдалуу болду. Тергөө эң профессионалдуу түрдө, объективдүү, эч кандай саясий көз караштарсыз жүргүзүлүшү керек»,-деди.
Путиндин айтымында, орус бийлиги АКШ ар кандай каналдар аркылуу дүйнөнү, башка өлкөлөрдү алардын чалгындоо маалыматтарына ылайык, Москвадагы терактта Киевдин изи жок деп ишендирүүгө аракеттенгенин көрүп жатат. “Россияга жана анын элине бул мыкаачылык кимдин колу менен жасалганы, тапшырык берген ким экени кызык”,-деген президент мусулмандардын ыйык Рамазан айында алар кантип теракт жасашты дегендей атайын кызматтар жооп бериши керек болгон бир нече суроолорду санап өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Коомчулук 700 млн доллардын акыбетине кайрадан кызыкты

Кыргызстандан чыгарылып кетти делген Раимбек Матраимовго таандык 700 млн доллар өз кезегинде катуу чуу жаратып, 2020-жылы кыргыз парламенти депутаттык комиссия түзгөн. Аны учурдагы депутат Талант Мамытов жетектеген. Ал аталган сумманы Кара-Суу жана Өзбекстандагы Абу Сахи базарындагы соодагерлерге таандык деп маалымат берген. Комиссия 6 айдан кийин өз ишин токтоткон. Учурда Раимбек […]

Сизге жагышы мүмкүн