Путиндин Түркияга сапары макулдашылды

Автор

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү.
Эки өлкөнүн лидерлери Путиндин Түркияга сапарын макулдашты. Эрдоган кесиптешине Түркиядагы токой өрттөрүн өчүрүү үчүн жөнөтүлгөн эки өрт өчүрүүчү учак үчүн ыраазычылык билдирди.
Түрк президенти, «тынчтык көпүрөсү» деп эсептеген Кара деңиз демилгесинин маанисине басым жасады. Кара деңиз демилгесинин узак мөөнөттүү жабылышынын эч кимге пайда алып келбей турганын, эң көп дан жетишсиз жана кирешеси төмөн өлкөлөрдүн жапа чегерин белгилеген Эрдоган Түркия Кара деңиз демилгеси үчүн интенсивдүү аракеттерди жана дипломатияны уланта турганын кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Жарым коргоочусу Рауль Жалилов карьерасын «Дордойдо» улантат

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Рауль Жалилов карьерасын Кыргыз премьер-лигасында ойноп жаткан «Дордой»  клубунда улантат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти. 2023-жылдын өтүп жаткан сезонунда Жалилов «Алга» ФК үчүн 12 беттеш өткөрүп жана 6 голдук пас берген. Буга чейин Рауль улуттук курама командада 2023-жылдын 25-мартында Мьянма менен […]

Сизге жагышы мүмкүн