Путиндин Вьетнамга сапары пландаштырылууда

Автор

Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко журналисттерге президент Владимир Путиндин Вьетнамга жана Түндүк Кореяга иш-сапарына даярдык жүрүп жатканын айтты. Түндүк Кореяга баруу пландары мурда белгилүү болгон.
Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Вьетнамга барууга даярдыктар тууралуу маалыматты тастыктады.
«Чындыгында иш сапарга даярдыктар жүрүп жатат. Биз убактысы тууралуу өз убагында билдиребиз»,-деди Песков.

Бөлүшүү:
Next Post

НАТОнун баш катчысы Украина Россиядагы аскерий буталарга сокку урса болорун билдирди

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Киевдин Россиянын аймагындагы аскерий буталарга Батыштын куралы менен сокку урууга мүмкүнчүлүгү бар деп ырастады. «Өзүн-өзү коргоо укугу БУУнун Уставында бекитилген»,-деп билдирди НАТОнун баш катчысы Испаниянын «Ла Vanguardia» гезитине берген маегинде. «Киев өзүн коргоого укуктуу жана биз ага бул укугун ишке ашырууга жардам берүүгө укуктуубуз»,-деди. Буга […]

Сизге жагышы мүмкүн