

Кыргызстандын профсоюздар федерациясы кеңештин жыйынында 8 курорттук жайды өз ара пайдалуу шартта КР президентинин иш башкармалыгына жана министрлер кабинетине өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда өткөн маалымат жыйынында федерациянын төрагасы Омор Арстанбеков билдирди.
Анын айтымында, федерациясынын карамагында азыр жалпысынын 26 мүлк бар.
«Биз Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын балансындагы 8 объектини өкмөткө келишимдин негизинде көп жылга ижарага берүү маселесин талкуулайлы деп кат жолдодук. Алар:
— «Жети-Өгүз» санаторийи;
— «Кыргызстан№» санаторийи ;
— «Арсланбап» пансионаты;
— «Чолпон-Ата» эс алуу үйү;
— «Ош» дарылоо пансионат;
— «Арстанбап-Ата» туристтик пансионаты;
— «Ош» туристтик комплекси;
— «Улан» балдардын ден соолукту чыңдоо борбору бар. Азырынча жооп боло элек»,-деди ал.