Президент парламенттин 85 жылдык мааракеси менен куттуктады

Wp Pw

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, эл өкүлдөрүн парламенттин эртеңки 85 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

“Жогорку Кеңештин ардактуу депутаттары жана кыргыз парламентинин калыптануу жолунда эмгек сиңирген кадырлуу мекендештер!

Кыргызстан эли, жалпы мекендештер – баарыбыз жакшы саамалыктын босогосунда турабыз. Коомдук турмушубузду калыпка салып, андан ары өркүндөтүүгө эреже-тартиптерди тууралап, өсүп-өнүгүүбүздүн мыйзамдык жолун чапкан кыргыз парламентинин 85 жылдык мааракесин белгилейбиз.

Жогорку Кеңештин 85 жылдыгы эртең, 16-ноябрда, расмий түрдө белгиленгени турат. Өзүңүздөр билесиздер, алдын ала макулдашып мерчемделип калган эл аралык иш сапарыма байланыштуу, кыргыз парламентинин мааракелик тоюн – сиздердин майрамыңыздарды алдын ала куттуктап кетүүгө туура келип калды. Андыктан, урматтуу эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештин 85 жылдык мааракесин бир күн мурун баштап берип, куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер.

Кыргызстан үчүн маанилүү күндөрдүн бири болгон кыргыз парламентинин 85 жылдык мааракеси менен жалпы мекендештерди чын дилимден куттуктаймын!

Биз кыргыз эли Борбор Азия чөлкөмүндө тарыхы кенен, тамыры терең кеткен эң байыркы эл экенибиз барган сайын дүйнө элине белгилүү болууда. Байыркы доордогу элдерде болуп келгендей эле, коомдун, уруу, уруктун жашоосунун негизги маселелери талкууланып – талданып, кабыл алынып турган алгачкы формасы – аксакалдар кеңеши, элдик топ, элдик жыйын, курултай түрүндөгү элдик өкүлчүлүктүн баштапкы органдары ондогон кылымдарды артка таштаган кыргыз элинин тарыхында да болуп келген. Демек, кыргыз парламентаризминин таржымалынын башаты ошол элдик топ, элдик жыйын, аксакалдар кеңеши, курултайлар өткөн илгерки мезгилдерге барып такалат. Бул жагын окумуштуулар таасын чечмелеп берери турган иш.

Андан берки соңку тарыхыбызда, башкача айтканда, мындан туура 85 жыл мурун 1938-жылы тике шайланган Кыргыз ССРинин Жогорку Совети деп аталган кыргыз парламенти эл өкүлчүлүгүнүн ыйгарым укуктарын аткарган.

Мына ошол мезгилден тарта кыргыз парламенти ар кандай мөөнөттөрү, ар кандай сандагы депутаттары менен калыптануу жолуна түшөт. Ооба, биз белгилеп отурган 85 жылдык мезгил жалпы тарыхта бир бүркүм учур болуп көрүнгөнү менен биздин соңку тарыхыбыз үчүн кыргыз парламентинин 85 жылдык таржымалы өтө маанилүү!

Мынакей келерки жылы 100 жылдыгын белгилөө мерчемделип турган Кыргыз Автономиялуу облусу учурунда бийлик бутактарынын милдеттери бириктирилип, аны аткаруу Иманалы Айдарбековго тапшырылган. Ал учурдан кийинки 1938-жылы кыргыз парламентинин ыйгарым укуктары бир палаталуу Кыргыз ССР Жогорку Советине өткөн. Албетте, бул тарыхый урунттуу учур экени таасын көрүнүп турат.

Иманалы Айдарбеков жана Абдыкадыр Орозбековдон кийин совет доорунда кыргыз парламентин Асаналы Толубаев, Молдогазы Токобаев, Абды Сүйөркулов, Болот Мамбетов, Төрөбай Кулатов, Султан Ибраимов, Арстанбек Дүйшеев, Темирбек Кошоев, Таштанбек Акматов, Абсамат Масалиев, Медеткан Шеримкулов сыяктуу аталарыбыз, агаларыбыз жетектеп келген. Ысымдары аталган бул улуу инсандарыбыздын ар бири элдик бийликтин өкүлчүлүк органынын калыптанышына эбегейсиз салымы зор.

Совет доорунан кийинки 90-жылдары социалдык-экономикалык система өзгөрүп, бир түзүлүш экинчисине алмашып, жабык коомдон демократиялык ачык коомго өтүп турган мезгилде алгачкы жолу атаандаштык негизде шайлоо өтүп, 12-чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттары шайланган. Бул өзүңүздөр байкагандай, Кыргызстандын демократиялык өнүгүү жолундагы биринчи кадамдар үчүн укуктук шарттарды түзгөн “легендарлуу парламент” эле.

Бул парламент эгемен Кыргызстандын көз карандысыздыгынын жана демократиялык түзүлүшүнүн саясий, укуктук жана экономикалык негизи болуп калган бир катар маанилүү, тагдыр чечүүчү чечимдерди, ченемдик-укуктук актыларды кабыл алгандыгын баарыбыз жакшы билебиз. 85 жылдык тарыхы бар кыргыз парламенти үчүн бул олуттуу тарыхый окуялар дайыма айтыла турган, ары салмактуу, ары маанилүү даталар экени талашсыз.

Дегеле кыргыз парламентинин тарых-таржымалына үңүлө турган болсок, Жогорку Кеңеш бир топ парламенттер аралык уюмдарга мүчө болуу менен эл аралык майданда өзүнүн жигердүүлүгүн көрсөтө алганы тарыхта жазылып калды. Жогорку Кеңеш Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдөгү кыйчалыш кырдаалдарда орун алган чыр-чатактарды басуудагы аракетин айтпай кетсек болбос.

Парламентаризмди өнүктүрүүдө заман агымы менен тең агып, эл аралык тажрыйбалардын негизинде 2007-жылы өлкө тарыхында биринчи жолу партиялык тизме менен шайланып келген Жогорку Кеңешке да күбө болдук. Ошону менен эле бир орунда туруп калбай, коомчулуктун талаптарына жооп берген, ыкчам өнүгүп бараткан заманга жараша ыңгайлашууга жарамдуу, натыйжалуу, туруктуу иштей турган мыйзам чыгаруу органына айланууга бар аракетин көрүп келет.

Мыйзам чыгаруу, өкүлчүлүк жана көзөмөл кылуу ыйгарым укуктарын, парламенттик комитеттер менен парламенттин фракциялардын ишин өркүндөтүү, башка мамлекеттик органдар жана жарандык коомдор менен конструктивдүү кызматташуу жаатында Жогорку Кеңештин аракети жылдан жылга өнүгүп барат. Бүгүнкү күндүн талабына ылайык, санариптештирүүнүн алкагында бир топ иштер аткарылгандыгы жана мерчемделип жатканынан дагы кабарыбыз бар. Парламентте өткөрүлгөн расмий иш-чараларга 300дөй чамасында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аккредитациядан өткөрүүнүн өзү эле коомубузда эң ачык орган экенин тастыктап турат.

Ошентип, биз учкай сөз кылган кыргыз парламентинин тарыхы жалпы кыргыз элинин тарыхы менен тыгыз байланышта, канатташ болуп келатканын көрөбүз. Эзелтен эле элибиздеги “Жети өлчөп бир кес” деген принципти тутунган кыргыз парламенти коллегиалдуу орган катары бардык орчундуу маселелерди кеңешип-кесип, эл менен чогуу чечип келет. Бул ата-баба наркын сактап келаткандыгыбызга айдан ачык мисал. Элдик жыйындардын, аксакалдар кеңешинин азыркы заманбап формасы Жогорку Кеңеш десек жаңылышпайбыз.

Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш – калктын түрдүү катмарынын ар кандай көз караштарын билдирүү үчүн улуттук аянтча десек болот. Өлкөбүзүн булуң-бурчундагы шайлоочулардын үнүн бийлик бутактарына жеткирип, көпүрө кызматын аткарып келет. Мындан улам, карапайым элдин көйгөйлөрү парламенттик платформа аркылуу коомчулук алдында чечилет.

Парламенттин курамындагы ар кыл кесиптин өкүлдөрү: мугалимдер, дарыгерлер, социалдык кызматкерлер, журналисттер, курулушчулар, экономисттер, юристтер эл алдындагы чоң жоопкерчиликти эске алуу менен өлкөбүздүн, эл-журтубуздун кызыкчылыгы үчүн үзүрлүү иштеп келаткандыгын айта кетейин. Ошону менен бирге мамлекеттик бийликтин аткаруу жана мыйзам чыгаруу бутактарынын ортосунда конструктивдүү, иштиктүү кырдаал түзүлүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган маанилүү мыйзам долбоорлору кабыл алынып, коомдун туруктуулугу менен элдин турмушун жакшыртуу үчүн бир максатты, бир багытты көздөп биримдикте иштеп бараткандыгын баса белгилейм. Кыргызстандын күрдөөлдүү турмушунда мамлекеттик бийликтин бир бутагы катары Жогорку Кеңештин орду чоң.

Алдыда дагы көп иштерибиз турат. Жаңы ишканаларды түзүү менен жумуш орундарын камсыздоо, аймактарды ар тараптан колдоо, социалдык жана инфратүзүмдүк объектилердин курулушун илгерилетүү жана башка дымактуу иш-аракеттерибиз жакынкы жылдарда өз жемишин берет. Ошону менен катар Санариптик өнүгүү концепциясын, Жашыл технологияларды киргизүүнүн негизинде энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү программасын алдыга жылдыруу үчүн бир катар мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл. Биз келечекте ушул сыяктуу багыттарда дагы өз ара түшүнүшүү жана натыйжалуу кызматташабыз деген үмүтүбүз, ишенимибиз чоң. Мындай аракеттерибиз менен мамлекетибиздин жаңы тарыхын жазууга чогуу катышып, Кыргызстандын, Кыргызстан элинин өсүп-өнүгүшү үчүн биргелешип иштешибиз зарыл!

Урматтуу эл өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин кесипкөй кызматкерлер жамааты!

Кыргыз парламенти ар дайым кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына кам көрүп, тагдыр чечер тарыхый вазыйпасын орундатат деп бекем ишенем.

Дагы бир жолу баарыңыздарды кыргыз парламентинин – Жогорку Кеңештин 85 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктаймын!

Бар болуңуздар!

Мааракеңиздер кут болсун!”.

Next Post

Израил армиясы Газадагы эң чоң ооруканага кол салганын жарыялады

Израил армиясы Газадагы эң чоң Аль-Шифа ооруканасына  чабуул баштаганын жарыялады. Расмий билдирүүдө салгылашуу жай тургундарга каршы багытталган эмес деп жазылган. Анда күчтөрүнүн арасында мындай татаал жана сезимтал кырдаал менен күрөшүү үчүн атайын даярдыктан өткөн араб тилдүү медициналык топтор бар экени айтылат. Алардын аракеттери карапайым калкка зыян келтирбөөгө багытталган. “The Jerusalem […]