Президент Минскте ЖККУнун кезектеги жыйынына катышат

Wp Pw

Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда Беларустун Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Сессия Беларусь президенти Александр Лукашенконун төрагалыгында өтөт. Уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов ЖККУнун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча баяндама жасайт.

Жамааттык коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулап, алдыда турган милдеттерди аныкташат, ошондой эле жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган бир катар документтерди кабыл алышат.

ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Беларустун уюмдагы төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарып, Казакстандын 2024-жылы боло турган төрагалыгынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча маалыматты угушат”, – деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Next Post

ХАМАС барымтадагы 50 адамды бошотот

Израил менен ХАМАС кыймылы ортомчулар аркылуу Израилдин түрмөлөрүндөгү 150 палестиналык туткундун ордуна барымтадагы 50 израилдикти бошотуу боюнча алдын ала макулдашууга жетишти. “Биринчи баскычта мүмкүн болгон келишим барымтадагы 50гө жакын аялды жана балдарды Израил кармап турган 150гө жакын палестиналык туткунга алмаштырууну камтышы мүмкүн”,-деди АКШнын жогорку даражалуу расмий өкүлү.