Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси эки айга камалды

Автор

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси М.Т.А. соттун чечими менен 11-январга чейин камакка алынды. Баткен облустук сотунун маалыматы боюнча, ал Оштогу тергөө абагында кармалат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси 200 миң АКШ долларын опузалап талап кылганы үчүн кармалганын 24-ноябрда билдирген.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А. аттуу жарандан пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси — «опузалап пара талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Караколдо кышкы туристтик сезон ачылды

Каракол шаарында кышкы туристтик сезон расмий ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Иш-чарага облус башчысы Эмилбек Абдыкадыров, коңшу өлкөлөрдөн жана алыскы аймактардан келген коноктор, ошондой эле кышкы эс алууну ышкыбоздору катышты. Эмилбек Абдыкадыров өз сөзүндө кышкы туризм тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн