reklam
reklam
hava 20° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 743.963 % -0.364
Соңку кабар
reklam
Google News

Президенттик шайлоодо эки талапкер ат салышат

Son Güncelleme :

09 марта 2023 - 9:46

reklam
Президенттик шайлоодо эки талапкер ат салышат
reklam

Түркиядагы 14-майда боло турган президенттик шайлоодо эки атаандаш ат салышмак болду. Алардын бири, учурдагы президент “Адилеттик жана Өнүгүү” партиясынын лидери Режеп Тайип Эрдоган. Экинчиси, оппозициялык кыймылдын лидери Кемал Кылычтар уулу. Ал Мустафа Кемал Ататүрк негиздеген Республикалык Калк партиясын жетектейт.  Оппозиция 1 жылдан ашуун убакыт  9  жолу жолугушуу өткөргөн. Кемал Кылычтар уулунун талапкерлиги бир топ талаш — тартыштарды жаратса да, калк тарабынан колдоо тапканы байкалууда.

14-майда оппозициянын талапкери жеңишке жетише турган болсо, Анкара жана Стамбул шаарларынын мэрлери вице-президенттик кызматка дайындалышат. Ал эми айрым кызмат орундары өнөктөш партияларга берилмек болду. Келишим боюнча Билим берүү, Коргоо жана Ички иштер министрлиги «Жакшы» Партияга, (лидери Мерал Акшенер)Тышкы иштер министрлиги «Келечек» партиясына, (лидери мурдагы премьер — министр Ахмет Давут уулу) Энергетика министрлиги «ДЕВА» партиясына (лидери Али Бабажан), Туризм министрлиги «Саадат» партиясына (лидери Темел Карамолдо уулу) жана Маданият министрлиги «Демократиялык» партияга (лидери Гүлтекин Уйсал) берилет.

reklam