Президенттер 13 документке кол коюшту

Автор

 

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги отурумунда 13 документке кол коюлду.

Жыйынга президент Садыр Жапаров катышып, сөз сүйлөгөн. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн президенттери төмөнкү документтерге кол коюшту:

 

-“2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдик жөнүндө келишимге Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өнөр жай тармагындагы биргелешкен кызматташуу долбоорлорун ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколдун долбооруна кол коюу жөнүндө”;

 

-“Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кошулганына байланыштуу, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимди, Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарына киргизилген айрым эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык биримдигинин органдарынын актыларын Кыргыз Республикасынын колдонуусунун шарттары жана өткөөл жоболору жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбооруна кол коюу жөнүндө”;

 

-“2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдик жөнүндө келишимге Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбооруна кол коюу жөнүндө (III чоң протокол)”.

 

Ал эми жыйындын соңунда төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынган:

 

-“2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин 2020-жылдын 11-декабрындагы №12 “2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө” чечимин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө”;

 

-“Евразия экономикалык биримдиктин 2022-жылга эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө”;

“Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”;

 

-“Евразия экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер тарабынан өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө”;

 

-“Табигый монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколдун 20-пунктунун 5-бөлүгүнө ылайык маалымат берүү жөнүндө (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге № 20 тиркеме)”;

 

-“Евразия экономикалык комиссиясынын иштөө регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;

 

-“Евразия экономикалык биримдиктин алкагында кызмат көрсөтүүнүн айрым тармактары боюнча либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу жөнүндө”;

 

-“Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 23-декабрындагы № 112 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;

 

-“2021-2022-жылдары Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер тарабынан Кызмат көрсөтүүлөрдү, мекемелерди жана иш-аракеттерди соодалоону жөнгө салуу эрежелеринде каралган жоболорду ишке ашыруунун мониторингинин жыйынтыктары жөнүндө”;

 

-“Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин 2016-жылдын 26-декабрындагы № 7 жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;

 

-“Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин кийинки жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө”.

Бөлүшүү:
Next Post

Башкы прокурордун камалган кайниси жакында чыгат

Бул боюнча УКМК төрагасы маек берип, мамлекетке келтирген зыянды эки эселеп кайтарса, камактан бошотуларын айтты. “Кытайдан келген жүктөрдү Ошто бир жерге токтотуп алышып, бажынын мөөрүн гана басып, Өзбекстанга чыгарып турушкан. Ошондо ал жүктөрдүн акциздери төлөнбөй калган. Мамлекет ар бир унаадан 50 миң доллар зыян тартып турган. Биз ушундай жүк ташыган […]

Сизге жагышы мүмкүн