АКШ Украинага Россияга сокку уруу үчүн чалгындоо маалыматын бербейт. Пентагондун басма сөз катчысы Патрик Райдер “Кээ бир басма сөздө АКШ мындай операциялар үчүн маалымат берип жатат деген билдирүүлөрдү көрдүм. Мен так айта алам. АКШ Россиянын аймагындагы буталарга сокку уруу үчүн украин тарапка чалгындоо же башка маалыматтарды берип жатат деген дооматтар абсурд”,-деди ал.
Пентагондун өкүлү “АКШ Россия менен согушпайт. Биздин күч-аракетибиз Украинаны өзүн-өзү коргоого колдоо көрсөтүүгө гана багытталган”,-деп баса белгиледи Райдер.
11-класстар үчүн ЖРТ кайсы күндөрү өтөрү белгилүү болду
Жум Мар 3 , 2023
Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө 2023-жылы 19-майдан 24-майга чейин өтөт. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, республика боюнча катталуучулардын санына жараша 120 тестирлөө борборлору түзүлөт. Бөлүшүү:
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/03/2022-05-20_02-04-20_657371.jpg)