Парламент эки чиновникти мактап, бирөөнү жемеледи

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов айрым аткаминерлерди  мактап, кээ бирин кызматтан кетирүүнү сунуштады.

“Өкмөттүн үстүңкү катмарлары Бакыт Төрөбаев, Айбек Жунушалиев дегендерди жакшы койгонсуңар. Ылдый жактагылары бүт эле баткак болуп жатат. Ошолорду иргеп, элге кызмат кылганын койсоңор болот эле”,- деди.

“Мына Глобалдык Фонддон 29 млн доллар келсе, сиздин орун басарыңыз Эдил Байсалов кыз менен кызды – эркек менен эркекти үйлөндүрүш керек деп атат. Кыргыз улутунун салтына, идеологиясына, наркына жана динине эмнеге каршы иш жүргүзүп жатышат булар”,- деп Акылбек Жапаровдон сурады эле ал үй – бүлө кодекси кабыл алынып жатканын айтып кутулду.

Бөлүшүү:
Next Post

«Манас» аэропортунда  жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйдү

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК 2023-жылдын I кварталында 1 млн 145 миң 542 жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу  аба майданынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, былтыркы жылга салыштырмалуу жүргүнчүлөр агымы 15.4%ге жогорулады. Анын ичинен ички каттамдарда жүргүнчүлөр агымы 331 миң 577 болсо, эл аралык каттамдарда  жүргүнчүлөр агымы – 813 миң […]

Сизге жагышы мүмкүн