Ататүрк паркын ээлегендерге мэрия 1 ай мөөнөт берип, “эгер үйүңөрдү бузгуңар келбесе, мэрияга өткөрүп бергиле”,- деди.
Ал ортодо парк кайсы мэрдин учурунда, канчанчы жылы талоонго учураганын журналисттер иликтеп чыгышты.
Мисалы, эң алгач, 1999-жылы мэр болуп келген Медетбек Керимкулов бир жыл өтпөй 88 жер тилкесин берип жиберген. 2005-жылы мэрлик креслого отурган Арстанбек Ногоев да паркты бөлүштүрүү салтын улаганы иликтөөдө айтылат. Ал эми 2007-жылы мэр болгон Данияр Үсөнов 11 гектар жерди турак жай куруу үчүн берип салат. 2008-жылы калаа башчылыгына дайындалган Нариман Түлеевдин учурунда 21 жер тилке жеке колдорго берилген.
Бирок, ушул кезге чейин бир дагы мэрге Ататүрк паркы боюнча кылмыш иши козголбогондугу белгилүү болду.
Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти. Делегациянын курамы
Шар Апр 24 , 2024
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, мамлекеттик сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 24-25-апрелде боло турган сапардын алкагында мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/04/1151015750.jpg)