Пакистандын тышкы иштер министри Бишкекке келет

Автор

Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар Бишкекке келет. Бул тууралуу пакистандык жергиликтүү басылмалар жазды.
Маалыматта айтылгандай, тышкы иштер министрин Кашмир иштери боюнча министри Амир Мукам да кошо келери белгилүү болду.
Мындай чечимди Пакистандын өкмөт башчысы Шехбаз Шариф кабыл алган. Ал Кыргызстанга келе турган делегацияга Бишкектеги пакистандык студенттердин жагдайынан жеринен барып таанышууга тапшырма берген.
Пакистандан келген министрлердин Бишкекте кыргыз бийлиги менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Сауд Аравиянын королу ооруканага жаткырылды

Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Жидда шаарындагы ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу өлкөнүн басма сөз агенттиги монархтын кеңсесине шилтеме жасап билдирди. 89 жаштагы падышанын дене табы көтөрүлүп, муундары ооруганы такталган. Ал медициналык кароодон өтүү үчүн клиникага жеткирилген. Салман бин Абдулазиз Аль Сауд 1935-жылы туулган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн