“Ош-Стамбул” авиа каттамыны эмнеге жабылып калды?

Автор

“Ош-Стамбул” авиа каттамынын жабылып калганына кызыккан Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков аны тезинен калыбына келтирүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 30-майда парламенттин жалпы жыйында билдирди.
Депутат “Ал каттам менен Өзбекстандын жарандары да учушат эле. Дүнүйөнүн булуң бурчунан Стамбул аркылуу Ошко түз учуу жарандарыбыз үчүн кыйла ыңгайлуу болчу. Бул долбоорду тикелеп беришсе жакшы болот”,- деди. Мигранттар депутатка кайрылып, ушул маселени тийиштүү жетекчилерге жеткирүүнү суранышкан.
Андан сырткары, Сокулук районундагы Манас айылындагы бүтпөгөн таза суу маселеси дагы көтөрүлдү. АРИС 2023-жылдын 31-декабрына бүтүрүп берүүнү убадалаган менен 6 ай убакыт өтүп кеткен. “АРИС дайыма ушундай, бир ишти баштап анан, таштап коёт. Бул мекемени текшериш керек. Биз болсо, кайра буларга карыз алып беребиз”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Айтматовдун атын ыйгаруу кечеңдеп жатат

Талас мамлекеттик университетине белгилүү дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын ыйгаруу кечеңдеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Бакыт Чойбеков билдирди. Анын айтымында Талас мамлекеттик университетининин эмгек жамаатынын сунуштамасы көңүл сыртында калып келатат. Депутат протоколдук тапшырма берүүнү тапшырып, губернаторду маселеге көңүл буруусун суранды. Андан сырткары Талас облустук […]

Сизге жагышы мүмкүн