Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 2:44тө Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында күчү 2 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Ошондой эле саат 4:39да Баткен облусуна жакын аймакта очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Баткен районундагы Үч-Дөбө айылынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым, Самаркандык айылынан түштүк-чыгышка карай 18 чакырым, Рават айылынан түштүк-чыгышка карай 26 чакырым, Лейлек районунун Лейлек айылынан түштүк-чыгышка карай 34 чакырымаралыкта катталган.
Жер титирөө Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Самаркандек айылдарында 3 балл, Рават, Лейлек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ирандын президенти жайгашкан тик учакты издөө уланууда
Дүй Май 20 , 2024
Иранда кыйраган тик учакты издөө иштери 10 саатка жакын убакыттан бери уланууда. Кемеде Ирандын президенти Ибрагим Раиси жана тышкы иштер министрлигинин башчысы болгон IRNA агенттиги Ирандын вице-президенти Мохсен Мансуринин сөзүнө таянып, тик учак катуу конгондон кийин Ирандын президентин коштоп жүргөн эки адам бир нече жолу байланышка чыкканын, кырсыктын масштабы өтө […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/05/IMG-20240520-WA0000.jpg)