Ош губернаторунун аудиосу интернетке тарады

Автор

Ош облусунун губернатору Зиядин Жамалдиновдун жер талашка аралашкан аудиосу интернетке тарап, Төлайкөн айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Султанбек Жунусов  аталган жердин мыйзамсыз экендигин айтып жатканын угууга болот. Бирок, Ош облус губернатору аны бүтүрүп берүүгө үндөгөн үн жазуусу коомчулукка тарап кетти. Анда өндүрүштүк негиздеги 5 гектар жерди калктуу конушка өзгөртүү жөнүндө сөз болуп, бирок, губернатордун талабына Султанбек Жунусов көнбөй жатат.  Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан үн жазуу боюнча губернатордун маалымат катчысы маек берип, муну атайын уюшулган чагым жана аудиону кескилеп, керектүү жерин чыгарган деп билдирди. Ал эми аталган 5 гектар жер жеке менчик экенин, анын ээси губернаторго кайрылып, калктуу конушка өзгөртүп берүүнү суранганын айткан. Эки жума мурда парламентте депутаттар маселе көтөрүп, жер чырына Зиядин Жамалдиновдун тиешеси бар деп айтып чыгышкан эле. Учурда болсо, тараган аудио боюнча министрлер кабинети үн ката  элек.

Бөлүшүү:
Next Post

Мээрим Жуманазарованын Азия чемпионатындагы атаандаштары аталды

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) Казакстандын Астана шаарында өтө турган Азия чемпионатында кимдер менен күрөшөрү белгилүү болду. Мелдеш 7-14-апрель күндөрү өтөт. Мээрим Жуманазарова күрөшкөн салмак категорияда жалпы 11 балбан күч сынашат. 68 кг салмакта күрөшө турган балбан кыздар: Feng ZHOU (CHN) NISHA (IND) Ami ISHII (JPN) Yelena SHALYGINA […]

Сизге жагышы мүмкүн