“Оскар” сыйлыгы ээлерине тапшырылды

Автор

Россиялык саясатчы Алексей Навальныйга кол салуу планы тууралуу тасма “Эң мыкты даректүү тасма” номинациясында “Оскар” сыйлыгын алды.

Лос-Анжелес шаарында 95-Оскар сыйлык тапшыруу аземи өтүүдө. Эң мыкты даректүү тасма болуп Дэниел Роэрдин “Навальный” тасмасы табылды. Анда саясатчыны ууландыруу жолу менен өмүрүнө кол салуудан кийин аман калганы, андан соң түрмөдө отурганы тууралуу баяндалган.

Даректүү тасманын бет ачары 2022-жылдын январында болгон. Сыйлыкты алуу үчүн сахнага режиссер Даниэл Роэр, Алексейдин жубайы Юлия, балдары Дарья менен Захар Навальный чыгышты.

Ал арада төмөнкү номинациялар боюнча башка жеңүүчүлөр аныкталды. “Экинчи пландагы эң мыкты актриса” номинациясында Оскар сыйлыгы “Бардык жерде жана бир убакта”  тасмасындагы Жейми Ли Кертиске ыйгарылды. Экинчи пландагы эң мыкты актер номинациясында “Бардык жерде жана бир убакта” тасмасындагы  Ке Хюи Куан сыйланды. Мыкты анимациялык фильм болуп “Пиноккио Гильермо дель Торо”, чет элдик мыкты тасмага “Батыш фронтунда бардыгы тынч” татыктуу деп табылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 13-мартка карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 47 тыйындан  болсо, сатуу  88  сом 32 тыйынга чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 42 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн