reklam
reklam
hava 20° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.122.177 % 0.979
Соңку кабар
reklam
Google News

Орхан Инанды 55 жашка толду

Son Güncelleme :

20 ноября 2023 - 10:29

reklam
Орхан Инанды 55 жашка толду
reklam

«Сапат» билим берүү мекемелеринин экс-президенти Орхан Инанды 55 жашка толду. Ал 1968-жылы Түркиянын Каарман Маараш провинциясында жарык дүйнөгө келген. Анын туулган күнү тар чөйрөдө белгиленип, каалоо тилектер айтылды.

Орхан Инанды мындан 3 жыл мурда Түрк коопсуздук кызматтары тарабынан качырылып, үстүбүздөгү жылдын  16-июнунда мамлекеттик айыптоочу аны 21 жылга эркинен ажыратууну сураган. Адвокаты Халил Ибрахим Йылмаз жогорку инстанцияларга кайрылып жатышкандарын билдирип, «учурда жетиштүү документтер топтолду. Укуктук талаада актыкка жетүү үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз. Орхан Инандынын саламаттыгы жакшы. Качыруу мезгилинде сынган колу калыбына келген. Кыргыз элиндеги «ак ийилет бирок, сынбайт» деген сөз анын девизи болуп калды»,- деп билдирди.

Орхон Инанды 3 жылдан бери Анкара шаарындагы Синжан түрмөсүндө кармалып турат.

reklam