Нуриза Өмүрбаева: Оо, ошондо кандай керек болчусуң! Мени мендей сактоо үчүн өзгөртпөй

Автор

*****

 

Чарчатат ушул турмуш башаламан,

 

Жашаймын күндү узатып, таңды тосуп.

 

Арманым, арызымдан тажабаган,

 

А деңиз жанымдагы жалгыз досум.

 

 

Жашоонун жасалмалуу шаңы менен,

 

Көөнөргөн көңүлүмдү алдап келдим.

 

Жандарды жүрөгүмдү тааный элек,

 

Жарыгым тийбей мен да жандап көрдүм.

 

 

Боштукка боюн таштап, жылдар өлөт,

 

Үлбүрөп чырак өчөт түнөгүмдө.

 

Күнүмдүк жанган отко жылынам деп,

 

От жакпай койгон экем жүрөгүмө.

 

 

Жарыкка батпаган жан кайда батат?

 

Жалган деп жашаганым чыным экен.

 

Сурабайм бакыт. Бактым алда качан,

 

Кудайдын колдорунан чыгып кеткен.

 

 

Ыйласам болмок бүгүн себебим көп,

 

Баягы оттуу нур жок карегимде.

 

Жашоонун өзү мага кереги жок,

 

Бакыттын эми мага кереги не?.

 

 

Кезинде жаным менен жуурулгансып,

 

Кусалык жашачу эле жүрөктү эзген.

 

Керексиз бир сүйүүгө сыртым салып,

 

Сүйүктүү болгум келген күндөрдү эстейм.

 

 

Мен анда билбептирмин сүйүлүүдөн,

 

Сүйүүдөн жүрөк бир күн баш тартаарын.

 

Кечир деп катты баштап, катты аяктап,

 

Кете алсам кетет элем таштап баарын.

 

 

Кете албайм, өз колумдан шөкөттөлгөн,

 

Бул жашоо капас мага каалгасы жок.

 

Өтпөстүр эми сүйүү көчөм менен,

 

Кол булгап очогумда жанбайт бир от.

 

Өтпөстүр эми сүйүү көчөм менен,

 

Кол булгап очогумда жанбайт бир от.

 

Сиңдиме

 

Көп жыл өттү. Көксөп алыс жактарды,

 

Сирени бар үйдөн көчүп кеткенбиз…

 

Куштарга окшоп катар конгон шактагы,

 

Кужурашып сүйлөшчү элек кечте биз.

 

 

Эстегенде куса менен тартылам,

 

Ал күндөрдүн табылбасын кеч билдим.

 

Сагындырат сары парда тартылган,

 

Терезеси, сирень гүлү эски үйдүн.

 

 

Азыр сенин канатыңды жазданып,

 

Периштелер уктайт. Бакыт – ушул да.

 

Сирень гүлүн отургузгун жаз алдын,

 

Гүлдөп турсун терезеңдин тушунда.

 

 

Сен сүйүүнүн даамын татып, сүйүлүп,

 

Бүлө болдуң бүркүт мүнөз жигитке.

 

Мен бактымдын келээринен түңүлүп,

 

Чоочун жолду ээрчип кеттим иңирде.

 

 

Чырагына чырак кошуп ааламдын,

 

Чыбыктайын Чынар болуп көктөдүң.

 

Жүрөк менен терметкенде балаңды,

 

Бешик ырын тыңдап турсун Көк Теңир.

 

 

Жаккан отуң, жапкан наның, кемегең,

 

Жарык берип, жандандырат бир үйдү.

 

… Арка-жөлөк, акыл болор кезде мен,

 

Алыстыгым, алсыздыгым билинди.

 

 

Ыйың ачуу, ыйлап келсең кээ бирде,

 

Кошо түткүм келет барың-жогуңа.

 

Кайгы-муңду тороп сага жеткирбей,

 

Калкан болгум келип кетет жолуңа.

 

Турмуш ушул өйдө-ылдыйы бир жүрөт,

 

Тууруң бийик… Түйшүгүнө чыдагын.

 

Көрмөксөнгө салып көптү билдирбей,

 

Көсөмдүк кыл, көк тиреген Чынарым!

Бөлүшүү:
Next Post

Криминал менен күрөшүү эми Өзбекстанда башталды

Кыргызстандагыдай криминал менен күрөшүү эми Өзбекстанда башталды. “Бахти Ташкентский” деген каймана аты менен белгилүү Бахтияр Кудраттуллаев камакка алынды. Ал 52 жашта жана Өзбекстандын жалгыз кримтөбөлү деп таанылган. Белгилүү болгондой, Өзбекстандын коопсуздук кызматы өлкө аймагында криминалга тиешеси бар 200дөн ашык адамды да колго түшүргөн. Алардын ичинде Саидазиз Саидалиев, Бахадыр Султанов сыяктуу […]

Сизге жагышы мүмкүн