НАТОнун баш катчысы Украинанын жеңилгенин жарыялады

Автор

Буга ал Киевди өз убагында курал менен камсыз кылбаган АКШ менен Евробиримдикти айыптады. Мындай билдирүүнү НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг НАТОнун парламенттик ассамблеясынын сессиясында сүйлөп жатып билдирди.
Ал белгилегендей, НАТО өлкөлөрү бардык курал-жарактын 99 пайызын Украинага өткөрүшкөн, бирок бул жетишсиз. Мындан тышкары, олуттуу кечигүүлөр болгонун кошумчалады. Ал АКШны алты ай бою Украинага жардам берүү пакетин талкуулаганга айыптады.
Буга чейин Столтенберг эки жолу Россиянын аймагындагы буталарга сокку уруу үчүн Украинага берилген куралды колдонууга коюлган чектөөлөрдү алып салууга чакырган. Ал соккуларды өзүн-өзү коргоо деп атады.

Бөлүшүү:
Next Post

28-майга карата аба ырайы

28-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25, Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 9…14, […]

Сизге жагышы мүмкүн