НАТОнун баш катчысы альянстын бардык мүчөлөрү Киевдин кирүүсүнө макул экенин билдирди

Автор

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг “Вашингтон Пост” гезитине берген маегинде НАТОго мүчө бардык өлкөлөр Украинанын альянска кошулушуна макул болушканын билдирди.
«НАТОдогу бардык союздаштар Украина альянска мүчө болоруна макул. Бардык союздаштар Украина Москва үчүн эмес, Киев үчүн өз жолун тандоого укуктуу дегенге макул. Үчүнчүдөн, бардык союздаштар НАТОнун эшиги ачык бойдон калууга макул»,-деди ал.
Ошол эле учурда Столтенберг Украина альянска качан кире алат деген суроого жооп берген жок. Анын айтымында, учурда Украинанын куралдуу күчтөрү советтик деңгээлден НАТОнун стандарттарына өтүүсү үчүн аларды модернизациялоо иштери жүрүп жатат. “Украинага суверендүү, көз карандысыз мамлекет катары жеңишке жетишине жардам берүү керек”,-деп баса белгиледи альянстын башкы катчысы.

Бөлүшүү:
Next Post

Депуттаттар «Элдик курултай жөнүндөгү» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Элдик курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда жактырылды. Жыйындын жүрүшүндө мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун төрагасы, депутат Жанарбек Акаев жасалган иштер боюнча маалымат берип, 22 берене 15ке кыскартылганын кошумчалады. Эскерте кетсек, 2022-жылдын 25-26-ноябрында Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи […]

Сизге жагышы мүмкүн