Казино боюнча мыйзам кабыл алынса, бюджетке 2 млрд сом түшөт деген Акылбек Жапаровдун убадасын эске салган депутат Исхак Масалиев Финансылык көзөмөл кызматынын төрага орун басары Марат Пирназаровдон канча каражат түшкөнүн сурады. “Былтыр депутаттардын колу – бутун кайрып, мыйзамды өткөздүңөр эле. Канча каражат түштү, ким айтып бере алат”,-деди. Ага аталган чиновник 5 лицензия берилгенин, анын ичинде букмекердик конторага 4, казиного 1, жалпысынан бюджетке 126 млн сом түшкөнүн айтты. Анын 84 млн сому 1 казинодон калган 42 млн сом букмекердик кеңселерден түшкөн.
Садыр Жапаров аскер кызматкерлерин жана ардагерлерди Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады
Дүй Май 29 , 2023
Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады. Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу жоокерлер, офицерлер жана генералдар! Куралдуу күчтөрдүн кадырлуу ардагерлери! Урматтуу мекендештер! Сиздерди бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Бизди, жалпы мекендештерибизди бириктирип […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/05/142276_jpg_w780_h500_resize.730x0.jpg)