Мунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк чемпионатта алгачкы медалды алып келди

Автор

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Өзбекстанда өткөн бокс боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.
Кыргыз спортчусу 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1-майда 1/32 финалдык баскычтан старт алган. Ал Пуэрто-Рико, Таиланд, Мексика, Тажикстандын спортчуларын 4 жолу катары менен жеңип, жарым финалга чыкты.
Сейитбек уулу 12-майда өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешип, ага жеңилип калды.
Бул салмак категориясынын жыйынтыктоочу протоколунда кыргызстандык спортчу 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болду.
Бул медаль Кыргызстан үчүн чоңдор арасындагы дүйнөлүк чемпионаттардын тарыхында биринчи болуп калат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Боомдо таштарды кулатуу иштери жүрөт

Бүгүн, 13-майда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 131-чакырымында жүргүзүлөт. «Таштарды кулатуу иштери унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы саат 09:00дөн […]

Сизге жагышы мүмкүн