

Молдова бийлиги Россиянын президенти Владимир Путиндин республикага келишине уруксат бербейт. Бул тууралуу Молдованын премьер-министри Дорин Речеан өлкөгө кирүүгө тыюу салынган россиялык чиновниктердин тизмесин жарыялап жатып билдирди.
Речеан орус бийликтеринен тышкары Молдовадагы шайлоо өнөктүктөрүнө катышкан бир катар россиялык маданият ишмерлеринин ысымдары бар экенин белгиледи. Мисалга ырчы Филипп Киркоровду келтирди.