Кечээ, Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобу кошмо жыйын өткөрүп, ага Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинети катышышты. Жыйында кадр саясатындагы кемчиликтер айтылып, 2 жыл ичинде 4-5 министр кызматтан кетип жатканы, Транспорт, Билим берүү министрлигиндеги, Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигиндеги тендерге катышкан фирмалардан дале 10 пайыз каражатты өөнөп жатышканын билдиришти. Акылбек Жапаровдун баяндамасынан кийин отурум суроо-жооп иретинде уланды.
Садыр Жапаров Бишкектин жашоочуларын жана конокторун куттуктады
Ише Апр 29 , 2023
Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата борбор калаанын жашоочуларын жана конокторун куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу кыргызстандыктар! Ардактуу ордо калаа тургундары! Кадырлуу меймандар! Бүгүн жалпы кыргызстандыктар, алыс-жакында жүргөн мекендештер кубана турган маанилүү күн – эгемендүү Кыргызстаныбыздын ордо калаасы Бишкек шаарынын күнү. […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/04/1054362225_32_54_1802_1050_600x0_80_0_0_a6b99e59ca47d5cc711c502e3ccfc86b.jpg)