Мигранттар март айында Кыргызстанга 169,9 млн доллар которгон

Автор

Быйыл март айында мигранттар Кыргызстанга 169,9 млн. доллар которгон. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтына жарыяланды.

Былтыркы жылдын март айына салыштырмалуу акчанын агымы 10,7%га өскөн. Анда акча которуу системалары аркылуу өлкөгө 153,4 млн. сом келген.

Өлкөгө келген акчанын дээрлик 89,3%ы (151,7 млн ​​доллар) Россиядан келген. Былтыркы жылдын март айына салыштырмалуу көрсөткүч 8,7%га өскөн. КМШнын башка өлкөлөрүнөн 4,9 млн. доллар которулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Президенттик шайлоодо Эрдоган алдыда келе жатат

Түркияда президенттик шайлоодо бюллетендердин 99,9 пайызы саналды. Жыйынтыгы боюнча Эрдоган 49,35 пайыз добуш менен алдыда келе жатат. Түркиянын Жогорку шайлоо комиссиясынын эсептөөлөрүнө ылайык, талапкерлер төмөнкүдөй жыйынтыктарга ээ болушту: Режеп Тайып Эрдоган – 49,35% Кемал Кылычдароглу – 45% Синан Оган – 5,22% Мухаррем Инже – 0,43% Жалпысынан 24 саясий партияга жана […]

Сизге жагышы мүмкүн