reklam
reklam
hava 22° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 743.961 % 0.136
Соңку кабар
reklam
Google News

Мектептердин жарымы 3D форматында окута баштайт

Son Güncelleme :

31 мая 2023 - 9:34

reklam
Мектептердин жарымы 3D форматында окута баштайт
reklam

Быйыл республикадагы мектептердин 50 пайызы 3D форматында окута баштайт. Бул үчүн мугалимдер 3 ай бою окутулат. Бул туралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Жаштар элдин үмүтү, өлкөнүн келечеги” аттуу республикалык жаштар форумунда билдирди.

Анын айтымына караганда, кийинки жылдан тарта бүт мектептер бул форматка өтөт.

«Мында окуучу бир убакта көрөт, окуйт, кабыл алат жана музыкалык коштоо болот», — деди министр.

Министр Каныбек Иманалиев ааламдашуу доорунда жаштардын маалыматтык технологияларды өздөштүрүүсү учурдун талабы экендигин белгиледи.

 

“Ар бир кыргызстандык кыргыздын тарыхын, санжырасын, тилин билүүсү – улуттук парз. Ал эми мекен чек арасынан чыккандан кийин башка өлкө менен атаандаш болобуз десек, англис тилин, IT технологияларын жана STEM предметтерин жогорку деңгээлде билүүбүз керек. Ансыз алдыңкы өлкөлөр менен теңтайлаша албайбыз. Биз улуттун интеллектиси бийик экендигин далилдешибиз керек.

reklam