Мас абалында МАИ кызматкеринин кылтагына илинген Ысык-Көл облусунун соту Жеңишбек Барынбаев Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков тарабынан кызматтан бошотулду. Кечээ Жогорку Сотто чукул жыйын өтүп, анда мас абалында кармалган судьянын иши каралды. Жыйынга катышкан судья сот системасына өзүнүн жүрүш-турушу аркылуу көлөкө түшүргөндүгү үчүн арызын жазып берди. Ал эми ишти жаап жашырган Каракол шаарынын соту Азамат Абдраевдин жоопкерчилигин кароо боюнча Соттор Кеңешине сунуштама жөнөтүлгөнү айтылды.
Кандай учурда Орозо кармаганга болбойт?
Ише Мар 25 , 2023
Эгер киши оорулуу же, сапарда жүргөн болсо, орозо кармаганга болбойт. Аял кишилер айызы келип калган учурда орозо кармабашы керек. Төрөттөн кийин нифаз каны келип жаткан учурда ибадаттардан узак болуп турушат. Бирок, абалдары калыбына келгенде кайра орозону тутуп берүү милдети каралган. Оорулуу абалды 3 нерсеге бөлүп кароо зарыл. Эгер адам оорубай […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/03/4933e6ba-a598-4742-8ee7-c917291607e3.jpg)