reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1563 % % 0.11
EURO 28,8476 % % -0.2
GRAM ALTIN 1.682,49 % % 0,47
ÇEYREK A. 2.750,88 % % 0,47
BITCOIN 724.625 % -0.967
Соңку кабар
reklam
Google News

Март айында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат

Son Güncelleme :

01 марта 2023 - 15:02

reklam
Март айында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат
reklam

Кыргызстандыктар 2023-жылдын өндүрүш календарына ылайык март айында төрт күн эс алышат. 8-март — Аялдардын эл аралык күнү жумуш эмес күн болуп, 7-март майрам алдындагы күн кыскартылат.

Ошондой эле март айында жарандар 4 күн катары менен эс алышат: 18 жана 19-март – ишемби жана жекшемби, 20-март дем алыш күн болуп, ал үчүн кыргызстандыктар 29-апрель ишемби күнү иштейт; 21-март — Нооруз майрамы, бул күн да эс алуу күнү болот.

Бирок бул айда жарандар эки ишемби – 11 жана 25-мартта 5 жана 6-январдагы дем алыш күндөрүнүн ордуна иштешет.

reklam