reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1563 % % 0.11
EURO 28,8476 % % -0.2
GRAM ALTIN 1.682,49 % % 0,47
ÇEYREK A. 2.750,88 % % 0,47
BITCOIN 724.625 % -0.967
Соңку кабар
reklam
Google News

“Манас” аэропортунда 2,2 млн сомдук мыйзамсыз  “ROLEX” сааттары аныкталды

Son Güncelleme :

19 мая 2023 - 15:58

reklam
“Манас” аэропортунда 2,2 млн сомдук мыйзамсыз  “ROLEX” сааттары аныкталды
reklam

Бажы кызматкерлери «Манас» аэропортунан 2,2 млн сомдон ашык аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан кол сааттарды аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сааттар Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа шаарынан келген аба жүктөрүнөн табылган.

«ТСКД» ЖЧКсынын дарегине «ROLEX» соода маркасынын 5 бирдик жана «PATEK PHILIPPE GENEVE» соода маркасынын 1 бирдик оригинал кол сааттары келген.

КРСоода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын актысына ылайык, кармалган товарлардын орточо базар баасы 2 млн 292 миң сомду, ал эми тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 460 миң 462 сомду түздү.

Факт тиешелүү органдарга катталып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

reklam