reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1642 % % 0.15
EURO 28,9429 % % 0.1
GRAM ALTIN 1.681,12 % % 0,39
ÇEYREK A. 2.748,63 % % 0,39
BITCOIN 725.514 % 0.005
Соңку кабар
reklam
Google News

 Лионель Месси ФИФАнын версиясы боюнча  жылдын мыкты футболчусу  аталды

Son Güncelleme :

28 февраля 2023 - 12:03

reklam
 Лионель Месси ФИФАнын версиясы боюнча  жылдын мыкты футболчусу  аталды
reklam

Аргентинанын жана ПСЖ клубунун чабуулчусу Лионель Месси ФИФАнын 2022-жылдын мыкты оюнчусу наамын жеңип алды.

Парижде дүйнөлүк футболдун мыкты оюнчуларына, машыктыруучуларына жана башка адистерине “The Best” сыйлык тапшыруу аземи өттү. Бул сыйлыкка алдыңкы үчтүккө  француз чабуулчулары Килиан Мбаппени (ПСЖ) жана Карим Бензема (Реал Мадрид)  да  кирген.

 

Жалпысынан Эл аралык футбол федерациясы тогуз категория боюнча 2022-жылдын мыктыларын аныктады. Алексиа Путеллас (Барселона, Испания) жылдын мыкты  футболчусу болду. Аргентинанын машыктыруучусу Лионель Скалони мыкты машыктыруучу деп табылды.

Жылдын дарбазачысы Англиянын «Астон Вилла» клубунда ойногон дүйнө чемпиону аргентиналык Эмилиано Мартинестин дарбазачысы болду. Аялдар футболунда бул сыйлык Мэри Эрпске (Манчестер Юнайтед, Англия) ыйгарылды.

reklam