reklam
reklam
hava 22° Orta/Rüzgârlı
DOLAR 23,3743 % % 0.5
EURO 25,4507 % % 1.95
GRAM ALTIN 1.480,17 % % 2,01
ÇEYREK A. 2.420,08 % % 2,01
BITCOIN 626.238 % 0.62
Соңку кабар
reklam
Google News

Ленин районунан депутатты шайлоого 124 миң 810 бюллетень даярдалды

Son Güncelleme :

23 мая 2023 - 15:09

reklam
Ленин районунан депутатты шайлоого 124 миң 810 бюллетень даярдалды
reklam

Бишкекте  №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда тандоого арналган шайлоо бюллетендерин даярдоо иштери аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 124 миң 810 шайлоо бюллетени даярдалды. Тагыраагы, кыргыз тилинде 62 миң 405 бюллетень жана орус тилинде 62 миң 405 бюллетень, 51 бюллетень Брайль арибинде басылып чыкты.

“Учкун” ААКда шайлоо бюллетендерин даярдоо процессине туруктуу (күнү-түнү) мониторинг БШКнын мүчөлөрү жана БШК аппаратынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп турду. “Учкун” ААКсынын басмаканасында жабдуулардын комплектиси орнотулуп, анда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн басылган бюллетендер сыноодон өткөрүлдү. Коопсуздукту УКМК менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери камсыздашты”, — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, шайлоо бюллетендери жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомдук байкоочулардын катышуусунда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өткөрүп берилди жана 14 кг 900 гр жараксыз бюллетен жок кылынды.

reklam