Ленин округунан депутаттыкка талапкерлердин саны үчкө жетти

Автор

 

Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин саны үчкө жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 31-мартта БШКга арыз менен үч талапкер кайрылган.

 

— Марат Арзыкулов;

— Эркин Булекбаев;

— Максат Кунакунов.

 

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.

Эскерте кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 4-апрелге  карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 44 тыйындан  болсо, сатуу  88  сом  21 тыйынга чейин  болууда.   Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 42 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн