Кыргызстан 2,4 млрд сомго күн карама майын импорттоду

Автор

Ушул жылдын январь айынан сентябрга чейин Кыргызстанга 2 миллиард 374 миллион 617,6 миң сомго 25 миң 203,8 тонна күн карама майы импорттолгон. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5 миң 942,4 тоннага же 19,08%га аз.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанга эң көп өсүмдүк майы Россиядан импорттолгон – 21 миң 104,3 тонна 1 миллиард 928 миллион 933,7 миң сомго.
Казакстандан 4 миң 20,4 тонна 437 миллион 16,5 миң сомго, Армениядан 54 тонна 5 миллион 90,4 миң сомго, Азербайжандан 24,6 миң тонна 3 миллион 576,4 миң сомго импорттолгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Чукул билдирүү! Тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 11-13-декабрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак […]

Сизге жагышы мүмкүн