reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.123.384 % 1.037
Соңку кабар
reklam
Google News

Кыргызстандык студенттер Сербияда акысыз билим алат

Son Güncelleme :

17 марта 2023 - 15:10

reklam
Кыргызстандык студенттер Сербияда акысыз билим алат
reklam

Кыргызстандык студенттер Сербияда  гранттык негизде билим ала алышат. Бул тууралуу макулдашууга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Сербия мамлекетиндеги  иш сапарында жетишилди.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда Сербиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүдө “Сербиядагы тынчтык” программасы боюнча кыргызстандык студенттер үчүн беш гранттык квота бөлүү тууралуу макулдашууга жетишилди.

“Студенттер толук гранттык негизде окушмакчы, жатакана жана тамак-ашы да камтылган. Андан тышкары, ай сайын 15 миң динар стипендия алышмакчы”, – деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, Марат Тагаев жаштардын жана балдардын укугунун корголушу багытында Сербиянын Тең укуктуулукту коргоо комиссары жана Воеводина автономдуу облусунун омбудсмени менен жолугушту.

reklam