Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Анваржан Ходжиев Болгарияда өткөн “Странджа Кубогу-2024” эл аралык мелдеште алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Болгариянын София шаарында өткөн биринчиликте спортчу 48 кг чейинки салмакта катышкан. Алгач 1/4 финалдык беттеште украиналык Денис Биленкону утса, жарым финалда Сахил Аллахвердовду жеңген.
Алтын медаль үчүн беттеште индиялык мушкер Шагольшем Барун Сингхдини жеңип, эл аралык мелдештин алтын медалына ээ болду.
Белгилей кетсек, курама команда эл аралык мелдешке машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында катышты.
Түркиянын президенти быйыл Кыргызстанга келет
Дүй Фев 12 , 2024
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 2024-жылы Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келери пландалып жатат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды. Орунбеков азырынча Түркиянын лидери кайсы айда келерин ачыктаган жок. Ал министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун 9-10-февраль күндөрү Түркияга болгон […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/02/419541892_779017190762772_4704923916609979200_n.730x0.jpg)